Жалал-Абадда соодагерлерге салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү

Экономика Загрузка... 05 Август 2025 14:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек 05.08.25 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын ишкерлери жана базар администрацияларынын өкүлдөрү менен салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Иш-чарага шаардагы "Борбордук базар", "Шабдалы-Зар", "Строй-Маркет", "Рахат", "Байтемир", "Аэропорт", "Мадумар-Ата", "ТЦ Тору", "ТЦ ЦУМ "жана башка соода объекттеринин ишкерлери менен администрация өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга салык мыйзамындагы өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрмөлөр берилди, тактап айтканда:

  • бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасындагы 0,1% жана 1% ставкалары жоюлуп, алардын ордуна жылдык жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки субъекттер үчүн 0,5% өлчөмүндөгү бирдиктүү ставка киргизилди;
  • салык төлөөчүлөргө патенттин негизинде салык төлөөнүн ыкмаларын тандоо укугу берилди. Соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттер учурдагы календардык жылда күтүлүп жаткан кирешесине жараша патент боюнча салык төлөй алышат;
  • жалпы салык режимин колдонгон субъекттерге, патент менен иштеген же өзгөчө салык режими колдонулган соода аймактарындагы субъекттерден алынган товарлар боюнча чыгымдарды салыктык чегерүүгө кошууга тыюу салынды;
  • патенттин негизинде иштеген субъекттер үчүн экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө чектөө киргизүү;
  • импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө өзгөчө режимди колдонгон субъекттер үчүн чектөө.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, салык кызматкерлеринен толук жана так жоопторду алышты. Иш-чаранын негизги максаты – салык боюнча өзгөрүүлөрдү маалымдоо жана салык төлөгүчтөр менен ачык диалогду түзүү болду.