Жалал-Абадда Россиянын колдоосу менен 379 инвестдолбоор ишке ашууда

Аймак 12 февраль 2026 16:50
1.jpg
633947400_2011082253092362_6585426328404519685_n.jpg
631283452_2011082423092345_9066328868452621405_n.jpg
633101097_2011082259759028_131948000042464701_n.jpg
633363722_2011082449759009_8198800261734827834_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
633947400_2011082253092362_6585426328404519685_n.jpg
631283452_2011082423092345_9066328868452621405_n.jpg
633101097_2011082259759028_131948000042464701_n.jpg
633363722_2011082449759009_8198800261734827834_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Россиянын башкы консулу Роман Свистин жолугушуусунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы Россия менен кызматташтык артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, Жалал-Абад облусу менен Россиянын бир катар аймактарынын ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөнүн маалымдады.

Өкүл 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Россия менен товар жүгүртүүсү 27 млн доллардан ашканына токтолду. Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен облус аймагында 379 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, жалпы 34 млн доллардан ашуун каражат багытталганын белгиледи.

Алардын катарында Токтогул районундагы Кайнама чакан ГЭСи, Кара-Көл шаарындагы балык иштетүүчү завод, Манас шаарындагы Жеңиш эс алуу багынын курулушу, Ала-Бука районундагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод жана билим берүү тармагындагы мектеп курулуштары бар.