Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоорго ылайык, мектеп-интернаттын курамына эки кабаттуу эки окуу корпусу, спорттук блок жана аларды байланыштырган өтмө галерея кирет. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, эмгек жана компьютердик класстар, китепкана, практикалык сабак өтүүчү жайлар, жыйындар залы, сахна жана башка көмөкчү бөлмөлөр каралган.
"Имараттын жалпы аянты 1904,25 чарчы метрди түзөт. Объектинин курулушу республикалык бюджеттен каржыланды. Мектеп-интернатта окуучулардын көркөм чыгармачылык багытта билим алуусуна жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө зарыл шарттар түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.