Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ноокат районунда 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудай жана арпа себүү иштери уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондо күздүк дан эгиндерин себүү үчүн 10 миң 300 гектар жер каралган. Учурда анын 1 миң гектарына үрөн себилди. Мындан тышкары, айыл чарба жерлеринен 400 гектар кайрак айдоо аянты бөлүнгөн.
"Күздүк себүү иштерин колдоо максатында районго 10 тонна күйүүчү май берилди. Ошондой эле буудай себүүдө жерди алдын ала айдабастан, үрөн менен минералдык жер семирткичти бир учурда себүүгө мүмкүндүк берген жаңы технология колдонулууда",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2027-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектарга, анын ичинде Ош облусунда 32 миң гектарга себүү пландалган.