Бишкекте бир күндө 10 жаңы мектеп ачылды

Билим 6 октябрь 2026 14:00
838579466_1079163754727920_680979877454196865_n.jpg
837039994_1114294397918905_4129999648087361557_n.jpg
840446298_1415024093881407_609258341162049237_n.jpg
839691799_1086081114414973_6400198048795395550_n.jpg
Алдыга
Артка
838579466_1079163754727920_680979877454196865_n.jpg
837039994_1114294397918905_4129999648087361557_n.jpg
840446298_1415024093881407_609258341162049237_n.jpg
839691799_1086081114414973_6400198048795395550_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Бишкекте 10 жаңы мектеп ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан № 83 жалпы билим берүүчү мектебинин кошумча корпусу пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

"Ырыс Малик" ЖЧКсы тарабынан курулган № 83 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу 1200 окуучуга ылайыкталган. Имаратта 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, жыйындар залы, медициналык пункт жана башка зарыл болгон бөлмөлөр каралган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жалпысынан 10 билим берүү мекемеси ачылды:

  • “Ак-Ордо” конушундагы № 125 мектеп;
  • “Красный Строитель” конушундагы № 32 мектептин кошумча корпусу;
  • “Киркомстром” конушундагы № 42 мектептин кошумча корпусу;
  • “Кашка-Баш” конушундагы № 124 мектеп;
  • “Арча-Бешик” конушундагы № 79 мектептин кошумча корпусу;
  • № 83 мектептин кошумча корпусу;
  • “Калыс-Ордо” конушундагы № 86 мектептин кошумча корпусу;
  • “Өскөн-Ордо” конушундагы № 120 мектеп;
  • “Көк-Жар” конушундагы № 122 мектеп;
  • “Дордой” конушундагы № 94 мектептин кошумча корпусу.

Эске салсак, бүгүн, 6-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи болуп өттү.