Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ош облусунда 23-25-сентябрь күндөрү өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга багытталган республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, машыгууда жер титирөөдөн кийинки кырдаалды жоюу, калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо, жабыркагандарды издөө жана куткаруу, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, убактылуу чатыр шаарчасын уюштуруу жана өрт өчүрүү иштери аткарылды.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, куткаруу кызматтарынын кызматкерлери жана тиешелүү адистер катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдарга даярдык, кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрү текшерилди.