Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Манас шаарында тургундар менен жолугушуп, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди талкуулады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр тургундарга аймактагы жаратылыш коркунучтары тууралуу маалымат берип, сактык чараларын так сактоого жана жеке коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Канатбек Чыныбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдеттеринин бири өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо экенин белгиледи. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда министрликтин күчтөрү жана каражаттары калкка ыкчам жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Ошол эле учурда жарандардын аталган аймакта мындан ары жашоосу, мүмкүн болгон көчүрүү маселеси, турак жай менен камсыздоо жана ага байланыштуу социалдык маселелер жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясына кирет. Бул маселелер мыйзамда белгиленген тартипте тургундар менен биргеликте каралышы керек.
Министр калкты мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу өз убагында маалымдоонун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда Манас шаарынын көчкү коркунучу бар аймагында жашаган жарандардын маселеси көтөрүлгөн болчу.