Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды

Кырсык 12 октябрь 2026 09:05
843372833_2146062229620973_4190819290189862458_n.jpg
841774493_2241591796418096_2916728035571066019_n.jpg
841465553_2486091375554451_8215461353372489276_n.jpg
842954768_1418589660252831_7210045180977803714_n.jpg
843353175_1799174667893639_4453050663323150803_n.jpg
843372719_1619883826243206_2385303530358587335_n.jpg
843397708_2622802631518503_4407967172113234028_n.jpg
843411090_1449537243742297_295847083844096182_n.jpg
844279050_1637223347815132_8660920480074497131_n.jpg
845300381_1099185836036224_937369490504440394_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Кабар - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, эки үй-бүлө коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкү 10-октябрда саат 14:00 чамасында активдешкен. Анын жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, массасынын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түзөт. Жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрге жеткен.

Көчкүнүн багытында эки турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Коопсуздук максатында жалпы 11 адам эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылган.

"Учурда адистер жер көчкүнүн абалын изилдеп жатышат. Ошондой эле Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда",-деп айтылат маалыматта.