Ош облусунда электр тармактарына заманбап жабдуулар киргизилет

Аймак 25 сентябрь 2026 17:05
815973769_18475136920118418_8027606293504717737_n.jpg
810813955_18475136962118418_4630520059808040786_n (1).jpg
811203271_18475136908118418_2526216728145396614_n.jpg
816230034_18475136929118418_6997702204762970663_n (1).jpg
816452455_18475136893118418_8499604905615321454_n (1).jpg
818075054_18475136911118418_2955005673141984913_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ош электр тармактарында 2027-жылга карата электр инфраструктурасын жаңылоого багытталган жаңы долбоордун үстүндө иш алып баруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиевдин иш сапарынын алкагында өткөн жумушчу жыйында сөз болду.

Ишканадан билдиришкендей, ага Ош электр тармактарынын жетекчилиги жана райондук электр тармактарынын башчылары катышты.

Жыйында 2027-жылга мерчемделген иштерде эски ыкмалардан баш тартып, заманбап жана натыйжалуу технологияларды колдонуу, мөөнөтү аяктаган электр объектилерин этап-этабы менен жаңылоо маселелери каралды.

Ошондой эле каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу белгиленди. Буга чейин Ош облусун "акылдуу" электр эсептегичтер менен толук камсыз кылуу пландалганы айтылган.