Жалал-Абадда мыйзамсыз алкоголдук ичимдик өндүрүүгө бөгөт коюлду

Экономика 2 сентябрь 2025 12:27
IMG_2650.jpg
IMG_2654.jpg
IMG_2661.jpg
IMG_2655.jpg
IMG_2660.jpg
IMG_2658.jpg
Алдыга
Артка
IMG_2650.jpg
IMG_2654.jpg
IMG_2661.jpg
IMG_2655.jpg
IMG_2660.jpg
IMG_2658.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматкерлеринин Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө айына 1 тоннадан ашык көлөмдө  алкоголдук продукция (самогон) өндүргөн объект аныкталды.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн натыйжасында андан ары сатуу үчүн даярдалып жаткан 29 челек (5200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган.

Жеринде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлдү. Объектке шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мөөр басылды.

Салык кызматы уруксат документтери жок алкоголдук продукцияны өндүрүү, сатуу мыйзамды одоно бузуу болуп саналарын жана аракеттеги мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.