Жалал-Абадда мугалимди сыйлоого үндөгөн спектакль коюлду

Маданият Загрузка... 21 Май 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 21.05.25 /Кабар/. Кечээ, 20-май күнү Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры көрүүчүлөргө "Менин мугалимим" спектаклин сунуштады. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Спектакль Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан уюштурулган "Мугалим жана коом" аталышындагы республикалык форумунунун алкагында коюлду.

Анда мугалим, окуучу, жана ата-эне үч бурчтугунун ортосундагы актуалдуу окуялар камтылган. Мугалимдин азыркы коомдогу кадыр баркын көтөрүүгө, ата-эненин баласына болгон мамилесин оңдоону жана мугалим менен байланышын чыңдоого багытталган. Чыгарманын түпкү максаты мугалимди сыйлоого үндөйт.

Спектаклдин автору жана режиссёру – театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков.