Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине 20 кызматтык унаанын ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, кызматтык унааларды тапшырууда аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрү, шаар жана райондордун кызматтык муктаждыктары эске алынды.
"Chevrolet Cobalt", "Sunray ESC" жана "JAC 4WD" үлгүсүндөгү унаалар милиция кызматкерлеринин ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтөт.
Автоунаа тапшыруу аземине Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Марлис Асанов, ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери жана өздүк курамы катышты.
Ташиев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу зарылдыгын эскертти.
Ал өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланаарын белгиледи.