Жалал-Абадда мектептин 700 орундуу кошумча имараты ачылды

Аймак 1 сентябрь 2025 13:40
536275095_1880390612828194_1082949930408534543_n.jpg
536278999_1880390622828193_1387471936319491562_n.jpg
539449252_1880390762828179_1761518345110645402_n.jpg
540212382_1880390686161520_1684112169406566644_n.jpg
540462698_1880390756161513_6929204048593841750_n.jpg
540479022_1880390722828183_4331082374952615412_n.jpg
540525547_1880390716161517_7240330955031626376_n.jpg
540619459_1880390792828176_3791210745605763341_n.jpg
540676424_1880390822828173_4916611768093251616_n.jpg
540945056_1880390582828197_5952086468160785893_n.jpg
542275404_1880390646161524_6000948207572010094_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бүгүн билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 700 орундуу кошумча имаратынын ачылышы өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Салтанатта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди куттуктады. Ал ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, эскилиги жеткен мектептерди жаңылоо боюнча тийиштүү иш аракеттер улантыларын белгиледи.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагындагы 485 мектепте билим күнү белгиленди. 2025–2026-окуу жылына карата 16 мектептин жаңы имараты, 4 мектептин кошумча имараты, 2 спорт зал жана 1 мектептин актовый залы пайдаланууга берилди.