Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак Загрузка... 01 Август 2025 11:20
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жакында президенттин өкүлү Тилек Текебаев облус аймагында жүрүп жаткан ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышуу учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш аймактарына барды.

Анда облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кытайлык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Ал Жалал-Абад шаарынын Эшме жана Төш-Кутчу участокторунда, ошондой эле Сузак районун Калма – Кырчын тилкелеринде аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Текебаев Сузак районундагы 380 гектардан ашык аянтта курулуп жаткан "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Облус башчысы бул объекттердин аймак үчүн экономикалык жана социалдык маанисин баса белгилеп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.