Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Аймак 24 июль 2025 11:55
522819531_1849101449290444_2989169503933310596_n.jpg
522861039_1849101382623784_1784353559504162231_n.jpg
522970419_1849101419290447_8674543126361731970_n.jpg
523341197_1849101202623802_4505139671111294320_n.jpg
515442133_1849101225957133_3431124558749085876_n.jpg
522737366_1849101312623791_2580960208644946176_n.jpg
522739689_1849101349290454_509497056884241985_n.jpg
522743255_1849101295957126_5350543892878098516_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келген турак-жайларды көчүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага көз карандысыз баалоо жүргүзүүчү эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.

Жыйында Нурлан Эрматов курулуш иштерине байланыштуу 100гө жакын турак-жайларды баалоо жана көчүрүү иштерин баштоо зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы ишти эки топко бөлүп уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле ал процессте жарандардын кызыкчылыктары толук эске алынып, бардык иштер мыйзамдын алкагында так жана ачык жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.