Жалал-Абадда Кытай өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди

Аймак 21 август 2025 09:35
536267474_1871196370414285_7015120324036633689_n.jpg
536269697_1871197850414137_3246877776436118160_n.jpg
536277541_1871196590414263_4466503940406855964_n.jpg
536277567_1871196270414295_3729184728136698049_n.jpg
536246207_1871196477080941_3440208854660152956_n.jpg
Алдыга
Артка
536267474_1871196370414285_7015120324036633689_n.jpg
536269697_1871197850414137_3246877776436118160_n.jpg
536277541_1871196590414263_4466503940406855964_n.jpg
536277567_1871196270414295_3729184728136698049_n.jpg
536246207_1871196477080941_3440208854660152956_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын Мамлекеттик курулуш корпорациясынын Инфраструктуралык курулуш департаментинин өкүлү Джоу Цзе менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга Базар-Коргон районунун акими, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларынын мэри, Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу лампа заводунун жетекчиси катышты.

Мында тараптар Жалал-Абад облусундагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Базар-Коргон району, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында чакан ГЭСтерди курууга ылайыктуу жерлер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле аталган шаарларда өндүрүш ишканаларын ачуу, социалдык жана инфраструктуралык артыкчылыктуу долбоорлор сунушталды.

Базар-Коргон районундагы дүйнөгө белгилүү жаңгак токойлорун сактоо жана өнүктүрүү, жаңгак азыгын кайра иштетүү боюнча даяр инвестициялык долбоор бар экени айтылды.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусу инвесторлор үчүн ачык жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Мында жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыздоо, жаштардын кытай тилин үйрөнүүсүнө шарт түзүү талаптары бар экени кошумчалады.