Жалал-Абадда кыргыз-өзбек достугун бекемдеген маданий иш-чара өттү

Аймак Жүктөлүүдө... 11 Апрель 2025 11:45
489645797_1772701433597113_332202005206033883_n.jpg
490530249_1772701390263784_4606121150373515210_n.jpg
489884743_1772701380263785_739454287594751436_n.jpg
490261646_1772701403597116_1953954854869573130_n.jpg
490292921_1772701410263782_1856517244246247424_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкекте, 11.04. 25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Өзбекстандан келген "Ватандошлар" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов баштаган коомдук фонддун өкүлдөрү, маданият тармагынын жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев, эки элдин өнүгүп келе жаткан ар тараптуу достук байланыштарын белгилеп, аларды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында социалдык чөйрөнүн, өнөр адамдарынын орду чоң экенин кошумчалады.

Салтанаттуу иш-чарада кыргыз-өзбек элдеринин улуттук ыр-күүлөрү тартууланды.