Жалал-Абадда куткаруучуларга 12,8 млн сомдук техникалар тапшырылды

Аймак 11 февраль 2026 13:30
631372353_2010134603187127_4985195964644425447_n.jpg
1.jpg
629666384_2010134713187116_2813354778548291575_n.jpg
629741087_2010134483187139_2665342455456974554_n.jpg
630166145_2010134519853802_1982542814745644717_n.jpg
630948738_2010134573187130_1178841050361271558_n.jpg
631464643_2010134529853801_9183615186761856045_n.jpg
632542052_2010134489853805_5396288828384402607_n.jpg
633449154_2010134639853790_4531292271446235045_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жаңы техника жана атайын жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул демилге аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле ал табигый жана техногендик кырсыктарды жоюу, авариялык-куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн зарыл болгон заманбап техникалар жана жабдыктар сатып алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы алынган техникалар Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, жалпысынан 12 миллион 800 миң сом акча каражаты жумшалган.

Аталган каражатка JAC T9 үлгүсүндөгү 3 унаа, мотопомпалар, куткаруу инструменттеринин комплекттери, дрон, жарык мунарасы, өрт өчүрүүчү жана куткаруу жабдыктары, ошондой эле суудагы куткаруу каражаттары сатылып алынган.