Жалал-Абадда курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынып, иши токтотулду

Аймак Загрузка... 22 Январь 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жалал-Абадда уруксат кагазын албаган компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарынын Торговый кичи көчөсү 24 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, "МилДом" ЖЧКсы курулушка зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди толук албай туруп курулуш иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

Мындан улам тиешелүү акт түзүлүп, курулуш иштери убактылуу токтотулду. Мыйзам талаптарына ылайык, аталган компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле курулуш эрежелерин жана коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы эскертилди.