Жалал-Абадда "Коопсуздук - 2025" форуму өттү

Аймак 11 июль 2025 11:24
516740105_1127555932726740_3206211070584414992_n.jpg
516782683_1127556292726704_8835932448829860492_n.jpg
517240087_1127556036060063_1761021203185655917_n.jpg
517382650_1127556082726725_8013860824436946391_n.jpg
518007332_1127556056060061_3445803061689717097_n.jpg
518295809_1127555969393403_2956463862335957025_n.jpg
504380955_1127556252726708_4932876157679881076_n.jpg
515120292_1127555972726736_5040599466072260302_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 11.07.25./Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Коопсуздук - 2025" форуму өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Форум Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, бөлүм башчысы Нуржан Адылова, облустук милициянын башчысы Марлис Асанов жана башкалар катышты.

Форум коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган аянтча болду. Айрыкча, укуктук маданиятты калыптандырууга жана жарандардын укуктарын урматтоого өзгөчө көңүл бурулду.

Форумдун максаты - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоого жарандарды кеңири тартуу. Бул мыйзамдарды сактоону, айлана-чөйрөнү коргоону жана өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү катышууну камтыйт. Жакынкы келечектеги артыкчылыктуу багыт катары "коопсуз туризмди" өнүктүрүү тапшырмасы коюлду.

ИИМ кызматкерлери укук бузуулардын, мыйзамсыз миграциянын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча видеотасмаларын тартуулашып, куралдуу түзүмдөрдүн жоокерлери атайын көрсөтмө программаларды аткарышты. Ошондой эле балдар үчүн спорттук оюндар жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.

Эскерте кетсек, форум Коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө үчүн глобалдык фондунун (GCERF), "Кыргызстандагы SOS-балдардын айылдары" коомдук фондунун жана Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун колдоосу менен өткөрүлдү.