Жалал-Абадда коммуналдык мекемелерге жаңы унаалардын ачкычы тапшырылды

Аймак 17 июнь 2025 09:50
8081_2459.webp
8089_2459.webp
8085_2459.webp
8083_2459.webp
8082_2459.webp
Алдыга
Артка
8081_2459.webp
8089_2459.webp
8085_2459.webp
8083_2459.webp
8082_2459.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине, "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгына, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына, Жол башкармалыгына, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине 19 унаанын ачкычын тапшырды.

Мэриядан билдиришкендей, унаалардын экөө жергиликтүү бюджеттен алынса, калган 17си Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу сатып алынды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын коммуналдык мекемелерине Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жалпы 32 даана атайын техника сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүн алардын 17си келди. Алдыда дагы 15 атайын техника келиши күтүлүүдө.