Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 14 ноябрь 2025 09:10
581939693_1942330909967497_84710327973702927_n.jpg
580803093_1942330896634165_6845367517056220608_n.jpg
582968557_1942330966634158_1173711042469725601_n.jpg
Алдыга
Артка
581939693_1942330909967497_84710327973702927_n.jpg
580803093_1942330896634165_6845367517056220608_n.jpg
582968557_1942330966634158_1173711042469725601_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери Манас шаарындагы бир катар соода жайларына барып, эттин баасын текшерүүгө алды.

Кыдыруу учурунда эттин баасын кескин кымбат саткан соода жайларынын ээлерине эскертүү берилип, айып пулдар салынды. Соода объекттеринде эттин баасы 680 сомдон 700 сомго чейин сатылуусу керектиги эскертилди.

Бул чаралар эттин баасынын кымбаттоосун токтотуу жана калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында колго алынууда. Көзөмөлдөө аракеттери облустун бардык аймактарында күчөтүлөт.