Жалал-Абадда Эне жана баланы коргоо борборуна 34 унаа тапшырылды

Аймак 1 январь 2026 15:24
FB_IMG_1767258982474.jpg
FB_IMG_1767258980108.jpg
FB_IMG_1767258985135.jpg
FB_IMG_1767258986970.jpg
FB_IMG_1767258988796.jpg
FB_IMG_1767258991139.jpg
FB_IMG_1767258993174.jpg
FB_IMG_1767258995785.jpg
FB_IMG_1767258999254.jpg
FB_IMG_1767259001552.jpg
FB_IMG_1767259003345.jpg
FB_IMG_1767259005708.jpg
FB_IMG_1767259008154.jpg
FB_IMG_1767259012315.jpg
FB_IMG_1767259014175.jpg
FB_IMG_1767259016186.jpg
FB_IMG_1767259019215.jpg
FB_IMG_1767259020208.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767258982474.jpg
FB_IMG_1767258980108.jpg
FB_IMG_1767258985135.jpg
FB_IMG_1767258986970.jpg
FB_IMG_1767258988796.jpg
FB_IMG_1767258991139.jpg
FB_IMG_1767258993174.jpg
FB_IMG_1767258995785.jpg
FB_IMG_1767258999254.jpg
FB_IMG_1767259001552.jpg
FB_IMG_1767259003345.jpg
FB_IMG_1767259005708.jpg
FB_IMG_1767259008154.jpg
FB_IMG_1767259012315.jpg
FB_IMG_1767259014175.jpg
FB_IMG_1767259016186.jpg
FB_IMG_1767259019215.jpg
FB_IMG_1767259020208.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 34 унаа тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө атайын кызматтын төрагасы эне менен баланын ден соолугуна кам көрүп, калктын саламаттыгы үчүн талыкпай эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин иши ар дайым урматтоого жана колдоого татыктуу экенин белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин айлык акылары 100 пайызга көтөрүлөрүн эске салды.

Камчыбек Ташиев автоунаалар президенттин тапшырмасын аткаруу жана медицина кызматкерлерин колдоо максатында берилгенин айтты.

Бул унаалар шашылыш учурда ооруканага тез жетүүгө, бейтаптардын саламаттыгын сактоого кызмат кылышына тилектештик билдирди.

Мындан тышкары, ал 1-январдан тартып Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн айтып, дарыгерлерди бейтаптардан мыйзамсыз акча талап кылбоого, кесиптик этиканы сактап, элге таза жана ак ниет кызмат кылууга чакырды.

Борбордун кызматкерлери мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай колдоону ыраазычылык менен кабыл алып, жетекчиликтин камкордугу аларга кызматка болгон жоопкерчиликти дагы да арттырарын белгилешти.

Белгилей кетсек, Жаңы жыл күнү аталган Эне жана баланы коргоо борборунда 20 ымыркай төрөлгөн. Анын 12си кыз болсо, 8 уул жарык дүйнөгө келген. Ал эми саат жебеси туура 00:00ду какканда ушул төрөт үйдө акушер-дарыгер болуп иштеген келин көз жарган.

Кошумчалай кетсек, ушул эле сапардын алкагында Камчыбек Ташиев “Аалым Чубак ажы” атындагы ислам институтуна да бир унаа тапшырды.

Эске салсак, Кыргызстанда жаңы жылдык майрамдарга карата эс алуу күнү болуп жаткандыгына карабастан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен аймактарды кыдырууда.