Бишкек – Ош жолунун боюндагы таштандылар тазаланды

Аймак 28 сентябрь 2026 09:55
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 209-314-чакырымдарындагы жол жээктери таштандылардан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Тазалоо иштерин министрликке караштуу №23 Жол эксплуатациялык ишканасы жүргүздү.

Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү таштандыларды жол жээгине таштабай, атайын орнотулган урналарга салууга чакырды.