Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө арналган концерт өтүүдө

Маданият 30 август 2025 22:36
Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө арналган концерт өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жаңы облустук администрациянын алдындагы аянтта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт башталды.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, жогорку кызматтагы чиновниктер, ошондой эле ардактуу меймандар катышууда.

Концерттин программасына жергиликтүү жана чет элдик ырчылардын аткаруусунан тышкары, театралдаштырылган оюн-зоок да камтылган.

Концерт Жалал-Абаддын тургундары жана коноктору үчүн маанилүү окуя болду. Майрамга карата шаарга Россиядан белгилүү артисттер келишти. Сахнада Николай Басков, Люся Чеботина жана башка таанымал аткаруучулар өнөрлөрүн көрсөтүшөт.