Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

Коом Загрузка... 30 Август 2025 12:13
c2c3a226-2905-47b4-a3a9-9db607420759.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-августта Жалал-Абад шаарында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өтөт.

Кечинде саат 18:00дөн 01:00гө чейин шаардын борбордук аянтында чоң гала-концерт болот. Шаар тургундарына жана конокторуна белгилүү чет элдик аткаруучулар – Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, Озода жана Хамдам Сабиров, ошондой эле кыргыз эстрадасынын белгилүү артисттери өнөрлөрүн тартуулайт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында майрамга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Коопсуздукту камсыздоо жана иш-чараларды ыңгайлуу өткөрүү үчүн шаардын борборунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.