Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Жалал-Абадда дарыядан 64 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагынын Чат айылынын тургуну А.Б аттуу аялдын кийимдери Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылып, өзү дайынсыз болууда.
Мындан улам Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ чыгышкан.
Бүгүн, 27-май күнү кайрадан саат 06:00дөн тарта издөө уланууда. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, РИИБдөн, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, дрондун жардамында издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет.