Жалал-Абадда “Китеп — жан дүйнөнүн азыгы” аттуу китеп фестивалы өттү

Аймак 25 апрель 2025 10:00
7589_5723 (1).webp
7588_5723 (1).webp
7587_5723.webp
7596_5723.webp
7595_5723.webp
7594_5723.webp
7593_5723.webp
7592_5723.webp
7591_5723.webp
7590_5723.webp
7588_5723.webp
7586_5723.webp
Алдыга
Артка
7589_5723 (1).webp
7588_5723 (1).webp
7587_5723.webp
7596_5723.webp
7595_5723.webp
7594_5723.webp
7593_5723.webp
7592_5723.webp
7591_5723.webp
7590_5723.webp
7588_5723.webp
7586_5723.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп — жан дүйнөнүн азыгы” аттуу XVI эл аралык китеп фестивалы болуп өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Жалал-Абад облустук китепканасынын имараты эскирип калганын белгилеп, келечекте заманбап китепкана куруу пландалып жатканын билдирди.

Фестивалдын алкагында “Китепканага китеп тартуула” аттуу акция уюштурулуп, катышуучулар китепканага ар кандай мазмундагы китептерди белекке беришти. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө акыл таймаш оюндары, балдар үчүн театралдык көрүнүштөр жана концерттик программа көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен облустук китепкана, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар аралык бөлүмү, Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмү жана “Из калтыр” жаштар уюму тарабынан уюштурулду.