Жалал-Абадда атайын техникаларды кураштыруучу завод куруу пландалууда

Аймак 5 ноябрь 2025 18:00
575802428_1934654597401795_4687656069102042632_n.jpg
577603667_1934655420735046_4918707637133317189_n.jpg
577677979_1934654567401798_6604111903582885177_n.jpg
575169980_1934654570735131_2137731583429009610_n — копия.jpg
575184911_1934654357401819_7694793722693237266_n (1) — копия.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында атайын техникаларды кураштыруучу завод куруу маселеси талкууланды. Маселе президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевдин кытайлык инвестор Чжан Мэн менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга Манас шаарынын мэри, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун башчылары катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, анын кубаттуулугу жана өндүрүш багыттары тууралуу кеңири маалымат алды. Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик жетекчилерине завод курууга ылайыктуу жер тилкелерин көрсөтүп, тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча тапшырма берди.