Аксы окуясына 24 жыл: Боспиекте курман болгондор эскерилди

Аймак 17 Март 2026 13:06
653700266_2037405837126670_5353220391607176862_n.jpg
653701089_2037405717126682_7219712026176719807_n.jpg
653703307_2037405753793345_2477779631465641770_n.jpg
653799991_2037405917126662_6062771729497071230_n.jpg
654087296_2037388550461732_158751796200560820_n.jpg
654421381_2037405977126656_7130773631816726455_n.jpg
649829438_2037390687128185_6327819444580159965_n.jpg
651742970_2037405873793333_7710021655221560089_n.jpg
651742977_2037405783793342_8222433484037873875_n.jpg
651827281_2037405720460015_669983000002590190_n.jpg
651829604_2037405747126679_4877934565502543244_n.jpg
652675238_2037405897126664_7282469087313607379_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бүгүн Аксы районунун Боспиек айылындагы "Шейит мазарында" 2002-жылкы кайгылуу окуяда курман болгон жарандар эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев Аксы окуясы өлкө тарыхындагы маанилүү бурулуштардын бири катары бааланарын белгиледи.

Анын айтымында, бул окуя мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө элдин биримдиги, тынчтык жана мыйзамдуулук сыяктуу баалуулуктардын маанисин көрсөткөн. Ошондой эле ал каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Белгилей кетсек, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү Аксы районунда болгон коогалаңда 6 жаран каза болуп, 28 адам ар кандай жаракат алган. Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан каза болгон жана жабыркаган жарандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү.