Жалал-Абадда 9 адамга камсыздандыруу төгүмдөрү берилди

Аймак 18 ноябрь 2025 10:05
2.jpg
584430025_1945301783003743_674215296084802634_n.jpg
583998525_1945301843003737_2504663085111674551_n.jpg
584551696_1945291769671411_4577532478361215920_n.jpg
585609737_1945291686338086_4756203891225032532_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
584430025_1945301783003743_674215296084802634_n.jpg
583998525_1945301843003737_2504663085111674551_n.jpg
584551696_1945291769671411_4577532478361215920_n.jpg
585609737_1945291686338086_4756203891225032532_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Жалал-Абадда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 9 адамга акча каражатынын сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда 9 жаранга жалпы 1 млн 262 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын сертификаттары тапшырылды.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу катышты.

Облус башчысы Тилек Текебаев жарандарды ар түрдүү кырсыктардан сак болууга чакырып, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун максаты жана учурда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал камсыздандыруу калктын мүлкүн коргоо жаатында маанилүү экенин белгилеп, кыйын кырдаалдарда жардамга келээрин кошумчалады.

Белгилей кетсек, облус боюнча 2025-жылдын 9 ай аралыгында жалпы 76 865 объект камсыздандыруудан өткөрүлгөн. Анын ичинен 40 399 турак-жай, 32 194 автотранспорт каражаттары болуп саналат. Тогуз айда 161 өрт жана башка кырсык катталып, анын ичинен 36 кырсыкка 6 млн 508 миң 985 сом кепилдик акча каражаттары төлөнгөн.