Жалал-Абадда 7,3 миң гектар аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды

Аймак 24 Апрель 2026 16:55
681209581_122210310362341273_5644382421094737811_n.jpg
679372102_122210310338341273_4272848138416172905_n.jpg
679528798_122210310596341273_5343038612069957535_n.jpg
679612800_122210310248341273_6287396068502978575_n.jpg
679756808_122210310236341273_5413538567680072142_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 7 320 гектар жерди чегиртке каптаганы катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл зыянкечтер эрте пайда болгондуктан, адистер тарабынан 11 миң 530 гектар жайыт аянты текшерүүдөн өткөрүлдү. Учурда чегирткенин жайылышын алдын алуу максатында химиялык иштетүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоо иш-чаралары Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 5 даана атайын техника менен аткарылууда.

"Бүгүнкү күнгө карата 4 миң гектар аянт иштетилип, жакынкы күндөрү дагы 7 миң гектарды камтуу пландалууда. Ошондой эле буга чейин Ош облусунун райондорунда да тиешелүү иштер жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда кырдаал көзөмөлдө болуп, алдын алуу иш-чаралары улантылууда. Республика боюнча бардык аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.