Жалал-Абадда 7 млн долларга жаңы таш майдалоочу завод курулду

Аймак 04 Март 2026 16:55
646241887_2027745541426033_8602958080670895452_n.jpg
645581854_2027745548092699_3460828257563350547_n.jpg
644046742_2027745588092695_2668262462767241043_n.jpg
644236165_2027745621426025_9145999075555226734_n.jpg
646227969_2027743291426258_3899692704497888501_n.jpg
647249937_2027745568092697_1374646562763337787_n.jpg
647263888_2027745608092693_173925028249424092_n.jpg
647537142_2027745631426024_6490714045831130359_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат.

Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан дарыянын коргоо зонасы толук сакталбагандыгы белгиленген. Таанышуу учурунда облус башчысы объекттин аймагын жеринде көрүп чыгып, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана завод жетекчилигине дарыянын коргоо зонасын эске алуу менен кошумча дамба куруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Өндүрүш объектиси кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түзөт. Толук ишке берилгенден кийин 70ке жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Учурда объектке 60ка жакын жаңы техника алып келинген.