Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Жалал-Абадда 585 ипотекалык батирдин курулуш иштери 90%га аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Жалал-Абад шаарындагы ипотекалык турак жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Алсак, “Асман резиденс 2” деп аталган үй 5 блоктон турат жана анын ар бири 9 кабаттуу үй болуп анда 450 батир болот. Заманбап бардык ыңгайлуу шартты камтый турган турак жайдын курулуш иштеринин 90%зы аяктады. Бул үчүн республикалык бюджеттен бүгүнкү күнгө карата 1,6 млрд сом бөлүнгөн.
Ал эми, “Асман резиденс 3” турак жайы 1 блоктон турат, ал 9 кабат жана 135 батирлүү болот. Учурда сырткы көрүнүшү, ички жасалгалоосу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин 90%ы аяктаган. Бул турак жай үчүн учурга карата республикалык бюджеттен 400 млн сом бөлүнгөн.