Жалал-Абадда 5,2 миң орундуу спорт сарайынын курулушу башталды

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Жалал-Абадда заманбап 5 200 орунга ылайыкташкан спорт сарайынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев курулушка мезгил кутусун салышты.

Жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базарынын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт.

Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 унаа бата турган жай курулат.