Жалал-Абадда 280 орунга ылайыкталган 7 кабаттуу оорукананын курулушу башталды

Аймак 23 Июнь 2025 09:00
1.jpg
500515637_1825350841665505_2783574227994508641_n.jpg
508018506_1825350688332187_8062334424908642161_n.jpg
509266823_1825350781665511_9193309245328510900_n.jpg
509439196_1825350774998845_900931337790375036_n.jpg
509439996_1825350968332159_6685199172323361635_n.jpg
509442169_1825351018332154_1835957003626746178_n.jpg
510390318_1825351024998820_3062534279585296632_n.jpg
510444886_1825350704998852_3098458316081253147_n.jpg
510482683_1825348088332447_5817191514824210781_n.jpg
511260007_1825350958332160_7127723696770739912_n.jpg
511264326_1825350831665506_6233229804854946439_n.jpg
511977968_1825350891665500_8419121654035970641_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаңы корпусу курула баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана оорукана жамааты катышты.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасынын жамааты техникалык базасын чыңдоо максатында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылып, муктаждыктарын айтышкан.

Ташиев ооруканын абалы менен ушул жылдын март айынын аягында жеринен таанышып, жыйынтыгында заманбап шартта оорукана салынары, имаратта тик учак конууга да мүмкүнчүлук түзүлөрү айтылган.

Ал арада генералдын тапшырмасына ылайык, облустук оорукананын аянтында жайгашкан союз мезгилинде курулган эски имараттарды бузуу, айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда 2 жарым гектарга жакын аянтка 280 орундуу жаңы имараттын курулушу жанданды. Каражат республикалык казынадан бөлүндү. Курулуш мөөнөтү 2026-жылдын ушул мезгилине бүткөрүлөрү маалымдалды.