Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. “Кыргыз Агрохолдинг” ишканасы Жалал-Абад жана Ош облустарында картошканы социалдык баада жеткирүүнү уюштурду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Мындай чара Жалал-Абад жана Ош облустарына картошка баасын турукташтыруу жана калкты колдоо максатын көздөйт.
Азыркы учурда аймактарда картошканын дүң баасы 55 сомду түзсө, чекене баасы 60-70 сомго жетти.
“Кыргыз Агрохолдинг” менен министрликтин биргелешкен аракетинин натыйжасында картошканын бир килограммы 50 сомдон сатылууда.
Картошканы социалдык баада төмөнкү даректерден алса болот:
- Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, Береке базары;
- Ош шаары, Марат Бегиев менен Кокумби көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Момента Ата" базары.
Эске сала кетсек, "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын жергиликтүү рыноктордо картошканы сата баштагандан кийин картошканын баасы төмөндөй баштаган. Бул рынокту каныктырууга жана азыктын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларынын жүрүшүндө мүмкүн болду.