Жалал-Абад, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 15:25
soc_1755501891.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 8-сентябрда күндүн экинчи жарымында жана 9-сентябрдан 10-сентябрга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу ӨКМ жер-жерлерде жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет.

Кырсык катталганда 112 номерине чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.