Жалал-Абад шаарынын тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өттү

Аймак Загрузка... 09 Апрель 2025 13:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы облустук кан борбору, Нимси, "Умай" клиникалары, облустук кургак учукка каршы борбору жана мэриянын колдоосу менен шаар тургундарына акысыз медициналык текшерүү жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара "Борбор Азия" эл аралык медициналык университетинде орун алып, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулду.

Акциянын алкагында рентген, УДИ, ЭКГдан акысыз өтүп, кандын 10 анализи бекер текшерилди. Ошондой эле текшерүүдөн кийин ден соолугу мыктылар донор болуп кан тапшырат.

Аталган акцияга шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова дагы катышып, элдин ден соолугу ар дайым биринчи орунда экендигин белгилеп, дарыгерлерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Акциянын алкагында терапевт, кардиолог, невролог, эндокринолог, гинеколог, педиатр адистерден акысыз кароодон өтүү, кеңеш берүү жүргүзүлдү.