Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү менин идеям болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, элдин дагы ушундай талабы болгон.
"Жалал-Абад шаарынын аталышы өзгөргөнүнө баарыбыздын ичибиз атышып жатат. Себеби, ошол шаарда төрөлүп, өстүк. Анын аталышы жүрөгүбүзгө, акылыбызга сиңип калган. Ошондуктан шаардын аталышын кыска аралыкта эле өзгөртүп салуу бизге дагы чоочун болууда.
Азыр бизге чоочун болуп жатканы менен келечекте бул кадимки көрүнүш болуп калат: балдар төрөлөт, чоңоюшат, шаарды Манас деп билишет. Мен бул ысымдын шаарга берилгенине сыймыктанам, жакында көнүп кетебиз деп ишенем", — деди ал.
Манас аталышын Талас шаарына берүү керек деген пикирге жооп берип жатып, Ташиев мындай деп баса белгиледи: "Манас Таласка гана эмес, бүткүл кыргыз элине таандык. Манас — кыргыз элинин руху жана күчү, биздин тарыхыбыз жана келечегибиз".
УКМКнын башчысы Жалал-Абад аталышындагы шаарлар башка өлкөлөрдө да бар экенин, ал эми Манас Кыргызстанда гана бар экенин кошумчалады. Ал президент шаардын атын өзгөртүү боюнча туура чечим кабыл алганын баса белгиледи.