Жалал-Абад шаарынын аталышы өзгөрүшү мүмкүн

Аймак Загрузка... 03 Сентябрь 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-08-31 at 19.17.53.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары болуп өзгөрүшү мүмкүн.

Мэриядан билдиришкендей, мындай сунушту бүгүн, 3-сентябрда мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңештин кезексиз сессиясында сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп берди.

Белгилей кетсек, шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралып, мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.