Жалал-Абад шаарында Жаштар аллеясы ачылды

Аймак 12 май 2025 11:15
7758_6525.webp
7749_6525 (1).webp
7757_6525.webp
7754_6525.webp
7750_6525.webp
Алдыга
Артка
7758_6525.webp
7749_6525 (1).webp
7757_6525.webp
7754_6525.webp
7750_6525.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсү менен Т.Байзаков проспектисинин кесилишинде Жаштар аллеясы ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аллеянын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар жана шаар туургундары катышты.

Аллеянын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 14,95 млн сом акча каражаты жумшалды.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аталган аллеянын ордунда жана сел каналдын үстүндө мыйзамсыз курулган соода жайларды, тез татым жайларын буздуруп, шаарга көрк берген заманбап аллея куруу тапшырмасын берген.