Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын санитардык абалы текшерилди

Аймак 10 апрель 2025 12:02
7412_4757.webp
7411_4757.webp
7410_4757.webp
7409_4757.webp
7408_4757.webp
7402_4757.webp
7407_4757.webp
7406_4757.webp
7405_4757.webp
7403_4757.webp
Алдыга
Артка
7412_4757.webp
7411_4757.webp
7410_4757.webp
7409_4757.webp
7408_4757.webp
7402_4757.webp
7407_4757.webp
7406_4757.webp
7405_4757.webp
7403_4757.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Комиссия Жалал-Абад шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, азыктардын сакталуу тартибин текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиянын курамына мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери кирди.

Рейддин жүрүшүндө айрым билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.