Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында "Фронт ырлары жаңырат" аттуу 4-аймактык фестивалы болуп өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Жалал-Абад облустук Славян диаспорасы тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн аскер-деңиз флотунун ардагерлери, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, окуучулар жана студенттер катышты.
Алгач, аскер-деңиз флотунун ардагерлери “Жеңиш” эс алуу багындагы өчпөс отко жана аскер-деңиз флотуна арналган монументке гүл коюуп, курман болгон жооркерлерди эскеришти.
Андан соң Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында "Фронт ырлары жаңырат" аттуу 4-аймактык фестивалы өтүп, анда мектеп окуучалары жана жогорку окуу жайлардын студенттери фронт ырларын аткарды.