Жалал-Абад шаарында "Эко такси" кызматы ишке кирди

Аймак 27 август 2025 12:12
539604746_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
539371896_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
539247937_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
539387755_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
539594885_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
539657514_1092.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Эко такси" кызматы жана электр унааларын кубаттоочу жай ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Эко такси" кызматы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Спарк Юг” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Ал үчүн 30 даана электр унаалары сатып алынып, 10 даана электр унааларын кубаттоочу жабдуулар орнотулду.

Электр унааларын кубаттоочу жайлардын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду шаар бийлиги ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 10 даана электр кубаттагычты орнотуу үчүн муниципалдык жер тилке бөлүп берген.