Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүндө жол коопсуздугу күчөтүлөт

Аймак Загрузка... 28 Август 2025 10:27
1075830551_0_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүндө жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны утурлай Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖККК бөлүмүндө жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Анда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов, Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы Мирлан Боеновдун катышуусунда өткөрүлүп, облус аймагында орун алган жол кырсыктарын болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

"Майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, калк арасында азыртадан түшүндүрүү, эскертүү иштерин күчөтүү зарылчылыгы белгиленип, кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону бекемдөө боюнча тийиштүү буйрук, нускамалар жеткирилди",-деп айтылат маалыматта.