Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Күн мурун, 30-августта Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата масштабдуу майрамдык иш-чаралар болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана шаардын коноктору катышты.
Белгилей кетсек, шаар майрамдоо иш-чараларынын негизги борборлорунун бири болуп, миңдеген шаардыктарды жана конокторду чогултту.
Шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттер, театралдаштырылган көрсөтүүлөр, улуттук сынактар жана көргөзмөлөр уюштурулду.
Кыргызстандык жана чет элдик аткаруучулардын катышуусундагы кечки гала-концерт өзгөчө көңүл бурду. Түстүү жасалгалар майрамдык маанайды ого бетер күчөттү.
Ошондой эле кийинки жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленери белгилүү болду.