Жалал-Абад шаарынан Курорт аймагына чейин асма жол куруу пландалууда

Аймак 18 июль 2025 10:35
518318521_1845026939697895_625052681547658973_n.jpg
518603259_1845028139697775_5887834053869514563_n.jpg
518283875_1845028196364436_4093693000605013663_n.jpg
519892848_1845028203031102_1172111443185856813_n.jpg
520499048_1845028129697776_4679286310433186816_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынан Курорт аймагына чейин асма жол куруу пландалууда. Маселе күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматовдун франциялык инвесторлор менен жолугушуусунда талкууланды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, Нурлан Эрматов бул долбоор ишке ашырылса Жалал-Абад шаарынын туристтик потенциалы кыйла кеңейип, ички жана тышкы туристтер үчүн кошумча шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Жолугушууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо, аймактын инфраструктуралык абалы жана мыйзамдык база боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Өз кезегинде франциялык тарап бул долбоорго кызыкдар экенин билдирип, кызматташууга даяр экенин кошумчалашты.