"Жалал-Абад" санаторийинде дарылык касиетке ээ бассейн ачылды

Аймак 22 май 2025 15:05
499711284_1802523057281617_2182667886066014283_n.jpg
500281825_1802533900613866_4117617769054920657_n.jpg
500257275_1802534293947160_7824088707795115300_n.jpg
500251203_1802534410613815_6395996729739360845_n.jpg
500265527_1802533957280527_7320538835837712615_n.jpg
500307307_1802534417280481_1460239259081472081_n.jpg
500389647_1802534273947162_5271728554531107300_n.jpg
500410233_1802534070613849_6820726994985135094_n.jpg
500464950_1802534077280515_3853926401202973183_n.jpg
500479195_1802533950613861_4101690200074790631_n.jpg
500730590_1802533830613873_6509189070390800467_n.jpg
500761663_1802533820613874_9043736997209615653_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 22.05.25. /Кабар/. "Жалал-Абад" санаториясында минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ бассейн ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция" мекемесинин орун басары Венера Батырбекова жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Текебаев белгилегендей, аталган жай Жалал-Абаддагы минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ биринчи бассейн экенин белгилеп, мында жарандар үчүн ден соолугун чыңдоого жакшы шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Жалал-Абад санаториясы" жылдан-жылга өзүнүн дарылоочу, эс алуу корпустарын жаңылап, инфраструктуралык шарттарын жакшыртууда. Санаторияда 2024-жылы 13 миңден ашуун ички жана чет өлкөлүк туристтер эс алган.