Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү менен жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган ыкчам кеңешме өткөрдү.
Башкармалыктан билдиришкендей, кеңешмеде кызматына кайдыгер караган бир нече кызматкерлердин кызматтык жоопкерчиликтери каралды.
Анда өлкө башчысынын ишмердүүлүктү санариптештирүүнүн алкагында койгон тапшырмаларын толук кандуу аткарбаган, жол кырсыктарынын катталуусуна жол берген, коомчулук жана айдоочулар арасында жетишээрлик деңгээлде үгүт-насаат иштерин жүргүзбөгөн, кызматтык күч каражаттарды туура эмес багытта колдонгон жана жалпы кызматына кайдыгер караган кызматкерлерге тийиштүү тартип жазалары берилери эскертилди.
Жыйындын соңунда Айбек Жумагулов тарабынан тийиштүү тапшырмалар коюлуп, орун алган кемчиликтерди тез аранын ичинде орундатуу айтылды.